2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылык министрлигине ыраазычылык билдирди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган штаб кызматкерлери Мекке шаарындагы «Лажнатуль-Тансиик» Вакф мекемесинин жетекчиси доктор Абдурахман Тоолиб жана вакфтын кызматкерлери менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында 2022-жылдагы ажылык сапарынын уюштурулуусу жана кемчиликтер талкууланып, Кыргызстандык ажылар үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү айтылды.

«Быйыл ажылык сапары абдан жакшы уюштурулду. Учурдан пайдаланып САПтын ажылык министрлигине жана жалпы уюштуруучуларга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирем»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.