Кара-Суу райондук хатибияты 50 үй-бүлөгө 150 миң сом акчалай жардамды садака-фитирдин эсебинен таратып берди

Кара-Суу районундагы “Исмаил ата”  борбордук мечитинде  районго караштуу жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө   150 миң сом  2022-жылы топтолгон садака-фитирдин эсебинен таратылып берилди. Кайрымдуулук иш-чарасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулган.

“Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасы жана Ош облустук мусулмандарынын казыятынын көрсөтмөсү менен кайрымдуулук иш-чара уюштурулду. 2022-жылы топтолгон садака-фитирдин эсебинен 50 үй-бүлөнүн ар бирине 3 миң сомдон акчалай жардам берилди”,- деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Эске салсак, быйылкы жылы  райондук хатибиятка  275 584 сом  садака-фитир келип түшкөн болсо, буга чейин  муктаждар үчүн 125 584 сом таратылган.