Талас облустук казыятынын башкы кеңсесинин курулуш иштерин октябрь айында бүткөрүү пландалууда

Талас районунун Нуржанов айыл аймагындагы Талас облустук мусулмандарынын  казыятынын башкы кеңсесинин курулуш  иштери кызуу жүрүүдө. Учурда  имараттын сырткы бөлүгү аяктап, жалпы курулуш иштеринин   70% бүткөрүлдү.  Ушул жылдын октябрь айында башкы кеңсенин  ачылышы  күтүлүүдө.