Талас облусунун казысы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө имамдар жалгыз калып жаткандыгын айтып, бул жаатта биргеликте иш алып баруу зарылдыгын билдирди

Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы өкүлү Чынара Осмоналиева,  облус казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин катышуусунда жыйын өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Талас шаарындагы диний уюмдардын, бирикмелердин, диний окуу жайлардын, мечиттердин каттоосу каралды. 

Жыйында Талас шаарынын мэри  мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер   жана мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча облус казыятына жакындан жардам берүү керектигин белгилеп, мечиттердин каттоосун тездетүү керектигин билдирип, бул иш бир гана имамдарга эмес бардыгына тиешелүү экендигин билдирди. Муну менен катар шаар мэри экстремизмдин жана зордук зомбулуктун алдын алууда дин кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу керектигин билдирди.

Ал эми облустун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев шаар аймагындагы баардык мечит, медреселердин документтери бүтүп, 4 мечит күбөлүк алуу алдында экендигин маалымдады.

«Алла Таала Куранда: «Жакшы иште бири бириңерге көмөкчү болгула» деген. Андыктан биргеликте иш алып баруу менен натыйжага тез жетебиз. Өлкө башчынын жарлыгы шариятыбызга төп келет. Аны баарыбыз түшүндүрүү иштери менен калкыбызга жеткирели. Жарлыкты аткарууда кээ бир учурларда имамдар жалгыз калышууда. Муну ачык айтып коюшубуз керек. Башкалар жаман көрүнгүсү келбей четтеп кетүүдө»,— деди облус казысы.

Жыйындын соңунда түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүнү макулдашып, өлкөнүн бүтүндүгү, элибиздин аманчылыгы үчүн дуба кылынды.