Алибек ажы Жусупов Чек-Абад айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Зайнабидин Абдуллажанов менен жолугуп, берилген тапшырмалардын жыйынтыгы менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Араван районундагы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Зайнабидин Абдуллажанов менен жолугуп,  диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, ысырапкорчулукту токтотууга багытталган түшүндүрүү иштеринин натыйжасы, салттуу эмес багыттардын залалдуу көз караштарынын жайылышына жол бербөө сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча маалымат алды.

«Зайнабидин ажы Араван районундагы үлгүлүү дин кызматкерлеринин бири. Мен баш имам-хатиб болуп иштеп жаткан учурда Зайнабидин ажынын көптөгөн алгылыктуу иштерине күбө болгонмун. Ушундай мыкты, илимдүү, адеп-ахлактуу аалымдардын дубасын алып, тажрыйбасын пайдаланыш керек», – деп билдирди казынын орун басары.

Жолугушуунун алкагында Алибек ажы  балдар үчүн уюштурулуп жаткан ыйман сабагынан кабар алып, мечиттеги тазалык, түзүлгөн шарттар жана окуу китептерин текшерди. Ошондой эле сабактан сырткары же каникул учурундагы окутуу ар бир баланын ата-энесинен арыз же тил кат алгандан соң расмий имамдын көзөмөлү астында гана окутулушу керектигин, канча бала окуп жатканы боюнча казыятка билдирүү бериш керектигин айтты.