Алибек ажы Жусупов Араван районундагы окуу борбор жана медреселердеги окуу процессинен кабар алды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Араван районундагы «Имам ал-Бухари», «Бибисара» медреселери жана «Аиша» аялдардын диний окуу борборун зыярат кылып, мекемелердеги окуу процессинен кабар алды.

«Азыр жайкы каникул учурунда балдарыбыз Куран алиппесин жана адеп-ахлак негиздерин үйрөнүүлөрүн албетте, колдойбуз. Бирок бул жаатта жоопкерчилик менен иш алып барышыбыз керек. Атап айтсак, тазалык, тамак-аш жана башка коопсуздук эрежелерине бекем болушубуз зарыл. Бул аманат», – деп билдирди казынын орун басары.

Алибек ажы окуу жайларды текшерүү боюнча Азирети муфтийдин тапшырмасы, казынын буйругу бар экенин эскертип, сапатка маани берүүгө чакырды. Андан сырткары медреселердин жаңы окуу жылына даярдыктары боюнча маалымат алып, мекемелердин материалдык-техникалык базалары менен таанышты.