Араван райондук хатибиятынын документ иштери текшерилип, тиешелүү адиске көрсөтмөлөр жана чукул тапшырмалар берилди

Ош облустук казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу Араван райондук хатибиятынын документтик иштерин жана иш кагаздарынын абалын текшерди. Иш кагаздарына так жана сак болуунун зарылдыгына токтолгон Азизилла уулу тиешелүү адиске чукул көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды берди.

«Жакын арада хатибияттарды эсептик каттоодон өткөрүү процесси башталат. Ошондуктан документ иштери так, иш кагаздары жай-жайында болушу керек. Хатибият райондук маанидеги мекеме болуп, салыштырып айтканда акимият менен бирдей эсептелет. Мекеме кызматкерлери жоопкерчилик менен иш алып барып, район элине диний жактан ак кызмат кылышы керек», – деп билдирди кадрлар адиси.

Текшерүүнүн алкагында кириш-чыгыш каттарынын ырааты, иш кагаздарды мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү, имамдардын өздүк делолорун талаптагыдай ачуу боюнча маалыматтар берилип, кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасы берилди.