Алибек ажы Жусупов Араван районундагы бир катар имамдардан ысырапкорчулукка каршы жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштери боюнча маалымат алды

Ош облусунун казысынын орун басары Араван районундагы бир катар мечиттерди зыярат кылып, мечиттердин тазалыгын жана шарттарын текшерип, мечиттердеги каникул учурунда   балдар үчүн уюштурулуп жаткан ыйман сабагынан кабар алды. Андан сырткары Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн борбордук мечитинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. 

«Мечиттин көркү жамаат. Имамдар жамааттын биримдиги, ынтымагы үчүн мээнет кылып, элдин диний муктаждыгын канааттандырат. Ошондой эле акыйдасы бөтөн, идеологиялары кооптуу болгон ар кандай фирка-агымдар боюнча маалымат берип, жамаатты салттуу эмес багыттарга кирип кетүүдөн тосууга бардык күч-аракетин жумшашы керек», – деп билдирди Алибек ажы.

Казынын орун басары мындан сырткары салттуу исламдын пазилеттерине токтолуп, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча гана иш алып баруу тапшырмасын берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун  «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгына ылайык түшүндүрүү иштеринин жүрүшү боюнча маалымат алды.

Эскерте кетсек, аталган иш-чаранын алкагында райондогу «Чертик», «Төрө ата» «Араб 1», «Кайрагач-Арык» «Абдували ажы» мечиттери зыярат кылынып, имамдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.