Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, бир катар маселелер талкууланды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Араван районундагы Чек-Абад айыл өкмөтүндөгү дин кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун  «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү талкууланды. Ошондой эле радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча каалайыкка туура маалымат жеткирүү маселеси боюнча сөз болду.

«Ислам дини эч кандай чектен ашууну колдобойт. Ким чектен ашып атса, анда ал ислам принцибинен тая баштаптыр. Динибизде экстремизмге орун жок. Биз ушул нерсени каалайыкка туура түшүндүрүү менен жеткиришибиз керек.», – деп билдирди Алибек ажы.