Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун Таш-Арык айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, айылдагы диний абал менен таанышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун Таш-Арык айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, айылдагы диний абал менен таанышты.

Эл менен болгон жолугушууда облус казысы жаштарга жакшы тарбия берүү керектигин айтып,  өсүп келе жаткан жаш муундарга ыйман, адеп-ахлак туурасында сабактар өтүлсө, кылмыштуулук жана терс көрүнүштөр болбой тургандыгын билдирди.  

“Мечит – Алла Тааланын үйү жана ыймандын очогу. Андыктан мечитке ибадат кылуу үчүн келген жарандарыбызга ислам дининин баалуулуктары жана адеп-ахлак боюнча чакан сабактарды уюштуруп, сүйүктүү пайгамбарыбыздын /САВ/ өмүр жолун айтып берели”,-деди облус казысы.

Ал эми жергиликтүү тургундар  айылга мечит салуу муктаждыгы бар экендигин айтып, учурда мечитти салуу үчүн жердин даяр экендигин айтышты.  Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев мечиттин курулушу үчүн керектүү документтерди даярдоону айыл имамына тапшырды.