Таласта конфессиялар аралык достукту бекемдөө жана жаштардын адеп-ахлагын жогорулатуу боюнча жыйын өттү

Талас шаарында Талас облусунун казысы СулумбекажыУзеналиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Талас облусундагы өкүлү Чынар Осмоналиева, Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов, имамдар,  серепчилердин катышуусунда жыйын өтүп, анда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо   маселелери талкууланды.