Өзгөндөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылса, балдарга окуу куралдары тапшырылды

Өзгөндө райондун баш имам-хатиби   Акжол ажы Бакировдун жана «Үмүт» фондунун демилгеси менен райондогу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары менен окуу куралдары берилди.

Баш имам-хатиб берешендик береке алып келе тургандыгын эске салып, колдоо көрсөткөн «Үмүт» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу жаштар, билимдүү болгула! Билим берген мугалимдериңерди сыйлап, ата-энеңердин ишенимин акташыңар керек. Билимдүү адамдын эки дүйнөсү тең жарык болот», – деди Акжол ажы Бакиров.