Өзгөн жана Араван районунун баш имам-хатибдери тажрыйба алмашуу жана аймактардагы диний абал боюнча пикир алышты

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Араван районунун баш имам-хатиби менен жолугушуп, тажрыйба алмашуу жана аймактардагы диний абал боюнча пикир  алышты.

Муну менен катар эки райондун баш имам-хатибдери диний абал, өлкө башчынын  «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын ишке ашыруу, жаштарга Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюна түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү менен эки хатибияттын ортосундагы тажрыйба  алмашууну бекемдөө жаатында сүйлөшүштү.  

Баш имам-хатибдердин жолугушуусу эки райондун хатибияттарынын ортосундагы байланышты бекемдөө менен кызматкерлер  ортосундагы тажрыйба алмашууну  күчөтүү жаатында иш алып барууну макулдашышты.