Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов мекен сакчылары менен жолугушуп, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы орду боюнча баяндама жасады

Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов № 707 ички аскер бөлүмүнүн жоокерлери менен жолугушуп, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы орду боюнча баяндама жасады.  Муну менен катар Муса ажы Жолдошов  бирөөнө зыян келтирүү  боюнча дагы маалымат берип, ислам дининин асыл баалуулуктарын түшүндүрүп берди.                                                     

“Инсандын жана аманат. Аманатка кыянат кылбоо керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:  “Ким кайсыл абалда өлгөн болсо, ошол абалда тирилет”.  Биз инсанга эле эмес, Алла Таала тарабынан жаратылгандардын бардыгына зыян бербешибиз керек. Мына чыныгы мусулман ушулардын бардыгына зыян бербейт. Ачуу келгенде шайтан келет. Ал оттон жаралган. Ал эми от дайыма өйдө карай жалындап, алоолонуп турат. Сабырдуу инсан ачуусу келгенде отурушу керек, анда дагы болбой жатса жатыш керек. Такыр ачуусу тарабай жатса даарат алуусу керек. Биз инсандарга эле эмес, жан-жаныбарларга дагы аяр мамиле жасаганды билишибиз керек. Себеби, акыретте Алланын алдында сурак бар экендигин жана бул дүйнөнүн убактылуулугун эстен чыгарбайлы”,-деди Муса ажы.