Музаффар ажы Турдубаев: «Ысырап кылууда эки дүйнөлүк жоготуу бар»

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Төөлөс айыл өкмөтүнүн аксакалдары менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун  «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


«Ысырапта эки дүйнөдө тең жоготуу жана кыйроо бар. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатууда ысыраптан жаа бою качышыбыз керек. Себеби, ал үйдө муң-арман бар. Андан да кейиштүүсү, али эрезеге жете элек чиедей жетимдер болуп калышы мүмкүн», – деп билдирди баш имам-хатиб. 

Жолугушууда радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча да сөз болуп, кылымдардан бери келе жаткан салттуу ислам дүйнө таанымынын артыкчылыктары жана диндин асыл баалуулуктары боюнча маалымат берилди.