Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Сузак районунун Барпы айылынын жашоочулары менен жолугушуп, медресенин курулушун баштоо салтанатына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  Жалал- Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы «Аалым  Чубак ажы Жалилов» атындагы жума мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгү, жаштардын адеп-ахлагы, ысырап кылууга жол бербөө боюнча баяндама жасады.  

Муну менен катар Азирети Муфтий «Аалым  Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин  жанында курулуп  жаткан диний окуу жайдын курулушуна капсула салуу салтанатына катышып, ак батасын берди. Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  (ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы  Жээнбеков,  маркум Чубак ажы Жалиловдун атасы Тажибай Жалилов жана айыл тургундары катышты.