Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаардык мусулмандарынын казыяттарынын ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты  Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети менен биргеликте Баткен, Жалал-Абад Ош облусу жана Ош шаардык   казыят кызматкерлери арасында спорттун волейбол жана кичи футбол түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрдү.

Мелдешке келген Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла ажы Жээнбеков, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.

Мелдешке казыят кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдер катышып, кызыктуу оюн көрсөтүшүп, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга сыйлуу белектер тапшырылды.

Спорттун волейбол түрү боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун Ош облусу

2-орун Баткен облусу

3-орун Жалал-Абад облусу

4-орун Ош шаары

Спорттун кичи футбол түрү боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун Баткен облусу

2-орун Жалал-Абад облусу

3-орун Ош шаары

4-орун Ош облусу

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов спорттук мелдешти өткөрүүдө жакындан жардам берген калаанын дене-тарбия жана спорт комитетинин жетекчисине, эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирип, казыяттын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Эскерте кетсек, спорттук мелдеш казыяттар арасында кезек-кезеги менен   квартал сайын өткөрүлүп келет. Кезектеги спорттук мелдешти Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты өткөрмөкчү.