Ош облусунун Чоң-Алай райондук хатибиятынын документ иштери текшерилди

Ош облустук мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси Чоң-Алай райондук хатибиятынын документ иштери жана жүргүзүп жаткан иш кагаздарын текшерип, бир катар тапшырмаларды берди.

«Мекемени мекеме кылып турган рычаг бул – документация жана иш кагаздар. Иш кагаздарына так болсок, ишибиз ыкчам жана системалуу жүрөт. Ошол себептүү хатибиятка кирип жаткан, андан чыгып жаткан каттарды көзөмөлдөп, өз убагында каттап жана жооп берип туруш керек. Качандыр бир кезде издегенде же кайсы бир  мекеме-ишканалар суроо-талап менен кайрылганда кыйынчылык жаралбашы керек», – деп билдирди ал.

Кадр адиси иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн зарылдыктарына токтолуп, суроолорго жооп берди.