Ош облусунун казысы Гүлчө айылынын тургундары менен жолугуп, ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча маалымат берди

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай районунун Гүлчө айылындагы Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолукту. Облус казысы жергиликтүү тургундарга ысырапкорчулук жана экстремизмдин кесепеттери боюнча баяндама жасады.

«Ысырапкорчулукта жакшы нерсе жок. Алла Таала тарабынан ыроолонгон нимат-жакшылыктарды негизсиз, эсепсиз, пайдасыз, ашкере төгүп-чачуу туура эмес. Момун-мусулман дүйнө-мүлк хикматын  билип, максаттуу пайдаланышы керек», – деп билдирди.

Сайдамир ажы дүйнө-мүлктү сарптоо «эл көрсүн» үчүн эмес, Алланын ыраазычылыгы үчүн жасаларын эскертип, зекет, садага жана ихсан боюнча да маалымат берди.   

Эске салсак, аталган саамалык Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун  «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында өткөрүлдү.