Элдин жана «Ассанаабил» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» атындагы борбордук мечит капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Жалал- Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы  «Абдуллах ибн Масъуд» атындагы борбордук мечит капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.  Мечитти оңдоо иштери»Ассанаабил» кайрымдуулук фонду тарабынан 2021-жылдын апрель айында башталып, ага  Майлуу-Суу шаарынын тургундары дагы колдоо көрсөтүшкөн.

«Мечиттин ичи-сырты, чатыры оңдолуп, короосуна брусчатка төшөлдү. Мечиттин айланасы ирээтке келтирилип, жаңы даараткана курулду. Жаңы  аппаратура жана люстралар орнотулду. Мечиттин оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө салым кошкондорго ыраазыбыз»,-деди  баш имам-хатиб  Абдусатар ажы Эркинбеков.