Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби «Фатху рохман» мечитине барып, ата-энени урматтоо боюнча баяндама жасады

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов «Фатху рохман» мечитинин жергиликтүү жамааты менен жолугушуп, «Ата-энени урматтоо» деген темада баяндама жасады.

«Ыйык Куранда Аллах Таала ата-энеге жакшы мамиле кылууну көп жерде эскерткен. Бир да жерде балдарыңарга жакшылык кылгыла деп айтпаптыр. Анткени табиятта ата-эне баласына милдетсиз жакшылык кылат. Бүтүндөй өмүрүнү балдары үчүн арнап өтүшөт. Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң ибадаттардын даражасына койгон. Пайгамбарыбызга бир сахаба келип: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?»–деп сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.)  ага: «Энеңе» -деген. «Андан кийинчи?» Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деген. «Андан кийинчи?» –дегенде. Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деп үч жолу кайталап, төртүнчүсүндө гана «Анан атаңа» – деп жооп берген. Бул жерде аталардын укугун тепсөө эмес. Энелердин баркын көтөрүү, алардын кызматын баалай билүү»,-деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.

«Фатху рохман» мечитинин жергиликтүү жамаатынын суранычы менен казыят тарабынан жума окууга уруксат берилди. Мурда ал жерде эл аз болгондуктан алыс жайгашкан жума окулуучу мечитке каттап окууга туура келген. Учурда элдин көбөйгөндүгү жана мечит имамынын демилгеси менен «Фатху рохман» мечитинде тиешелүү шарттар түзүлгөн.