Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Бишкектеги имам Сарахсий мечитинде айымдарга өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү

Бүгүн, 15-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев ордо калаабыздагы имам Сарахсий мечитинде өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аял затынын исламдагы ордун түшүндүрдү.

«Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү. Алланын Элчиси аялзаты төрөлгөндө атасына бейиш дарбазасы ачыларын, турмушка чыкканда жолдошунун дини толукталып, перзенттүү болгондо бейиш таманынын алдында каларын жар салды.  Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялдар тууралуу суралганда: «Жегениңерден аларга да жедиргиле, кийгениңерден аларга да кийдиргиле, аларды урбагыла жана жамандабагыла»,- деп жооп берген. Анын «эки алсыздын – жетимдин жана аялдын акысына кол салууга тыюу салам»,- деген буйругу дале актуалдуу. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да аялзатын терең урматтаган. Ал «коштошуу ажылыгы» деп айтылган даңазалуу кутпасында аялзаты тууралуу, «… аялдар маселесинде Алладан корккула, себеби аларды Алланын аманаты катары алдыңар жана Алланын аты менен (нике аркылуу) өзүңөргө адал кылдыңар»,-деп  аялзатын аздектөөгө чакырган. А аманатка кыянат кылуу – эки жүздүүлүктүн белгиси.

Муну менен катар Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып, ишемби жана жекшемби күндөрү Муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгын билдирди.

Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны  түшүндүрүп берди.