Азирети Муфтий Замир кары Ракиев облус казыларын кабыл алып, алардын ишмердүүлүгү боюнча отчетторун угуп, бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 17-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев облус казыларын кабыл алып, алардын ишмердүүлүгү боюнча отчетторун укту. Облус казылары 6 ай аралыгында аткарылган иштер боюнча маалымат беришип, диний кырдаалга токтолушту.

Жыйында Азирети Муфтий КМДБ тарабынан чыгарылган буйруктардын аткарылышы, мечиттердин саны жана каттоосу, садака-фитрдин таратылышы, аялдардын окуу  борборлорунун ишмердүүлүгү, нике каттоо журналы жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча ар бир казынын маалыматын укту.

«Казыяттардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана санариптештирүү боюнча иш алып барууну баштап жатабыз. Эми ишибиздин алдыга жылып, документ иштерин ирээтке келтирүүдө бардыгы электрондук системаланат. Ар бир казыят санариптешет. Муну менен катар мечиттердин каттоосун тездетүү керек. 1 ай мөөнөт берилет. Өлкө башчыбыз ысырапкорчулуктун алдын алууда жарлык чыгарды. Бул жааттагы ишибиз дагы солгундаптыр. Учурда КМДБ тарабынан атайын жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын жыйындарды өткөрүү үчүн план түзүп жатат. Бул иш чукул арада башталат. Андыктан ар бириңиздер даяр турушуңуздар керек. Мындан ары ар бир казынын жана казыяттын ишмердүүлүгү муфтият тарабынан дыкат көзөмөлгө алынат»,-деди Азирети муфтий.

Отчеттук жыйындын соңунда Азирети Муфтий облус казыларына казыяттардагы кадр маселелерин кароо, мечиттердин каттоосун  тездетүү, ысырапкорчулуктун алдын алууда аймактагы имамдарга көмөк көрсөтүү, калк арасында терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин күчөтүү, аялдардын окуу борборлорундагы окуу программасына көңүл буруу, мечиттердин тазалыгын кароо жана шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.