Муфтият 2019-2020-2022-жылдары ажылыкка катталып, кезек күтүп, акчасын ала элек талапкерлерге кайрылуу жасайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (Муфтият)  2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын чечимине ылайык, 2019-2020-2022-жылдары ажылыкка катталып, кезек күтүп, акчасын ала элек талапкерлер ажылык сапар үчүн төлөнгөн акчаларын кайтарып алуусун эскертет. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (Муфтият) акчасын кайтарып алган жарандардын  кезеги сакталып калуусун билдирет.