Шумкар ажы Чыналиев: Жылдап тапкан дүйнөбүздү бир күндө сапырып ийип, олтуруп калбайлы!

Жалал- Абад облусунун Ала- Бука районунун баш имам-хатиби Шумкар ажы Чыналиев  районд акими Кайырбек Чаргынбаев, акимдин орун басары Мирбек Субаналиев, айыл өкмөт башчысы Абдибаит Азимов,  аксакалдар кенешинин төрагасы   Акмат Молдобеков жана жергиликтүү кеңештин  депутаттары менен биргеликте Көк -Таш айылынын жашоочулары менен жолугушуп, өлкө башчынын «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан №1 фатваны түшүндүрүштү.

“Жылдап тапкан дүйнөбүздү бир күндө сапырып ийип, олтуруп калбайлы! «Тойдон кийин тон керек» деген нерсе накыл кеп бар элибизде. Олчойгон карызга батып, той же аш өткөрүүнүн кажети жок жана шариятыбыз бул нерсеге тыюу салат. Качан оңолобуз? Качан биз ысырап кылбай жашап, кайрымдуу болгонду үйрөнсөк анан оңолобуз. Тапкан дүйнөнү самандай ысырап кылып чача берүүнү токтотуу керек. Төгүлүп чачылган нерсенин убалы сөзсүз болот. Калп эле бардар, жоомарт, колу ачык болуунун кажети жок”,-деди Шумкар ажы Чыналиев.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айыл тургундарын өлкө башчынын жарлыгын жана Муфтият тарабынан чыккан фатваны туура түшүнүү менен кабыл алып, ысырапкорчулукка жол бербөөгө, кайрымдуу болууга чакырышты.