Мирланбек ажы Токтомушев: Үй-бүлөдө тынчтык, биримдик болсо, жакшы муун тарбияланып чыгат

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев «Сулайман-Тоо» мечитинде айымдар үчүн уюштурулган иш-чарада «Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо» темасында баяндама жасап, ата-эненин ордун түшүндүрдү.

» Эркек менен аялдын мамилесинде өзүнүн адептери бар. Ар бир үй-бүлө мүчөсү ошол адептер менен сыпаттануусу керек. Айта кетсек: Кетирилген каталарга кечиримдүү болуу, жоопкерчиликти көтөрүүдө бири-бирине жардам көрсөтүү, бири-бирин сүйүү жана боорукерликти, жубайлардын үй-бүлөсүнүн ортосундагы өз ара урмат-сый көрсөтүү жана ушул сыяктуу көптөгөн адептер бар. Үй-бүлөдө тынчтык, биримдик болсо, жакшы муун тарбияланып чыгат. Перзентиңизди жаман сөздөр менен тилдебеңиз. Үй-бүлөңүзгө, бир эле учурда сүрдүү да, сүйүктүү да болуңуз. Андыктан, эч качан жалган сүйлөбөңүз жана бирөөнүн буюмуна  көз артпаңыз. Жылмайып, жакшы сөз айтуу менен үй-бүлөнү бекемдөөгө чакырам», — деди Мирланбек ажы Токтомушев.