Ноокат районунун баш имам-хатиби Т. Кулатов айыл өкмөтүнө иш–сапары менен барып, мечиттерди каттоо боюнча пикир алышты

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Т. Кулатов айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып, анын алкагында айыл өкмөттүн орун басары Сапарбек Бойдонов менен каттоодон өтө элек мечиттер боюнча пикир алышып, эсептик каттоону тездетүүнү макулдашты.

«Биз мечиттерди каттоо иштерине максималдуу көңүл буруп, бүткүл күч-аракетибизди ушул багытка жумшап жатабыз. Сиздер да ушул жаатта бизге жакындан жардам берсеңиздер», – деди баш имам хатиб.

Муну менен катар жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу боюнча да пикир алышты.