Өзгөндө жаш жеткинчектер үчүн уюштурулган жайкы Куран окуу курсу жыйынтыкталып, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылында жаш жеткинчектер үчүн уюштурулган Куран окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталып, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, жергиликтүү айыл тургундары жана жаш жеткинчектер катышты.

Саамалыкта Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров ислам динин баалуулуктары боюнча кеп кылып, жаштарды мындан ары да билим алууга чакырды.

«Жаштарыбыз негизинен Куранды тажвид эрежелери менен окуганды, анан күнүмдүк дубаларды үйрөнүштү. Колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирем», – деди Акжол ажы Бакиров.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара районго караштуу бир канча мечиттерде уюштурулуп, ислам дининин баалуулуктары менен бирге салттуу Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча маалыматтар берилүүдө.