Азирети Муфтий өз өмүрүн дин тармагында арнаган дин аалымы Шахмухаммед Шахюнусовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өз өмүрүн дин тармагында арнап, бир топ китептерди жазып, которуп эмгектенген, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон дин аалымы Шахмухаммед Шахюнусовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Аалым Шахмухаммед Шахюнусовдун мусулман үммөтү үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). Алла Таалам устатыбыз Шахмухаммед Шахюнусовдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз»,-деди Азирети Муфтий.

ДИН ААЛЫМЫ ШАХМУХАММЕД ШАХЮНУСОВДУН КЫСКАЧА ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ

Шахмухаммед Шахюнусов 1938-жылы 1-сентябрда жарык дүйнөгө келген.  Ал  диний илимди атасынан үйрөнгөн. Мектеп учурунда сарф нахви араб тил грамматикасын үйрөнгөн. Андан соң Ташкент техникумунда окуп, Бухарадагы «Мир Араб» медресесин бүтүргөн.

Илимий эмгектери жана которгон китептери:

1998-жылы / Мурас илими

2005-жылы / Масдар (сарф илими)

Тажвид

Коория шархи

Дүйнө жана дин адептери

Усул аш-шаший

Хидая китебинин соода бөлүмү

Талхис