Ноокат районунун баш имам-хатиби «Култай» мечитинин жамааты менен жолукту

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Т. Кулатов айыл өкмөтүндө жайгашкан «Култай» мечитинин жамааты менен жолукту. Жолугушууда дин атын жамынган кооптуу багыттардын көз караштарынан сак болуу жана ысырапкорчулуктан качуу боюнча маалымат берди.

«Азыр дин атын жамынган түрдүү багыттар бар. Андыктан өзүбүздүн ата-бабабыз карманып келген Матуридий акыйдасын, Ханафий мазхабын бекем карманышыбыз керек. Болбосо адашып кетүү коркунучу бар», – деди баш имам-хатиб.