Өзгөндө мечит имамдарына жыйын болуп, каттоодон өтө элек мечиттердин маселеси талкууланды

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук хатибиятында каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына жыйын болуп, бир топ  маселелер каралды.


Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кзматкерлери жана  мечит имамдары катышты.

Жыйында Акжол ажы Бакиров мечитти каттоодон өткөрүү боюнча документ иштерин түшүндүрүп, тез арада каттоо зарыл экенин баса белгиледи.

«Мамлекет баш болуп мечиттерди каттоого жардам көрсөтүүдө. Өзгөн районунда канча диний идара болсо, тез аранын ичинде 100 пайызга катташыбыз керек. Мечиттерди каттоо учурунда келип чыккан көйгөйлөрдү колубуздан келишинче чечүүгө аракет кылуудабыз», – деди Акжол ажы Бакиров.