Ноокаттын баш имам-хатиби район акиминин орун басары Нургүл Зулпиева менен жолушуп, мечиттердин каттоосу жана ысырапкорчулук боюнча пикир алышты

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев район акиминин орун басары Нургүль Зулпиева менен жолугуп, аймактагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча пикир алышты.  

«Районубуздагы айрым мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү процесси оор абалга кептелип турат. Сиздер бул жаатта бизге жардам бериши боюнча айыл өкмөттөргө тапшырма берсеңиздер аябай жакшы болот эле. Бул процессти өтөөсүнө чыгарууда хатибият өзү жалгыз кыйналып калууда»,-деди Музаффар ажы Турдубаев.

Ал эми Нургүл Зулпиева эки тараптуу кызматташууга даяр экенин белгилеп, КР Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча сунуш берди.