Жалал-Абад шаардык хатибияты муктаж үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдарга окуу куралдарын алып берди

Жалал-Абад шаардык хатибияты жаңы окуу жылына карата жардамга муктаж үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан окуучуларга мектепке керектүү окуу куралдарын алып берди. Баш имам-хатиб жаңы окуу жылында балдардын окуу куралдары жетиштүү болуп, эч нерсеге муктаж болбошу керектигин билдирди.

“Хатибият тарабынан муктаж 10 үй-бүлөгө бардык жардамды берүүгө аракет кылдык. Окуу жылы башталууга аз күн калды. Бул үй-бүлөлөрдөгү балдар татыктуу билим алып, окуу куралдарына муктаж болбошу керек”,-деди шаардын баш имам-хатиби  Ислам Амиршаев.