Чойбек ажы Исакунов: Ата-энелер балдарга туура тарбия берип, билимдүү болууга багыт берүүсү маанилүү

Балыкчы шаардык мэриясынын жыйындар залында Ысык-Көл облустук ИИБ өкүлдөрү, баш имам-хатиб Чойбек ажы Исакунов, жалпы имамдар жана шаар тургундарынын катышуусунда диний кырдаал талкууланды.

Диний экстремизм жана терроризмдин алдын алууда жаштар арасында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин күчөтүү, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган жыйында катышуучулар аткарылып жаткан иштери менен тааныштырышты.

“Мектеп окуучуларына суицид, ата-энеге болгон мамиле туурасында насааттарды айтып келебиз. Экстремизмдин, терс диний агымдардын алдын алууда хатибият кызматкерлери бардык аракеттерди көрүүдө. Эң негизгиси ата-энелер балдарга туура тарбия берип, билимдүү болууга багыт берүүсү маанилүү”,-деди Чойбек ажы Исакунов.