Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өлкөдөгү дин кызматкерлерине хатм Куран окуу боюнча тапшырма берди. Окулган хатм Курандын сообу маркумдарга багышталмакчы

Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Аттиң, кабыргам кайышып, эмне деп айтууну дагы билбей турам. Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи.  “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин. Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлерине хатм Куран окуу боюнча тапшырма берди. Окулган хатм Курандын  сообу маркумдарга багышталмакчы.