Сайдамир ажы Жейналиев баштаган дин кызматкерлери Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен жолугуп, бир катар маселелер талкууланды

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят жамааты жана облустагы райондордун баш имам-хатибдери КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын алкагында  түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, облустун аймагындагы каттоодон өтө элек диний объектилерди каттоону тездетүү жана тиешелүү уруксат иш кагаздарын иретке келтирүү процесстери талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелерди чечүүдө эки тараптуу иш алып баруу, зарыл болгон иш-аракеттерди көрүү жана биргеликте мониторинг жүргүзүү боюнча макулдашылды.