Бишкектеги имамдарга мечиттердин каттоосу, окуу борборлордун программаларын текшерүү жана кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу «Чоюбек уулу Керималы» мечитинде жалпы имамдардын отчеттук жыйыны өтүп, анын алкагында мечиттердин каттоосу, аялдардын окуу борборлорунун КМДБ тарабынан бекитилген окуу программасы менен иштөөсү, садака-фитирдин таратылуусу, кыш мезгилине даярдыктары жана дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу маселеси каралды.

“Дин кызмакерлери дайыма эл менен иштеп, алардын шарият маселелериндеги суроолоруна жооп берип келет. Бул өтө жооптуу кызмат. Өлкө башчы тарабынан чыгарылган жарлыкты дана Муфтияттын фатвасын элге туура түшүндүрүп, ысырапкерчиликти токтотууга аракет кылалы! Муну менен катар мечиттердин каттоосу боюнча ишибизди жоопкерчилик менен карап, документ иштерин бүткөрөлү. Кыш мезгили бат эле келет. Мечиттердин жылуулук маселесине азыртан кам көрөлү”,-деди казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев.

Муну менен катар жыйында имамдардын билимин жогорулатуу маселеси талкууланып, казыят кызматкерлери бул жаатта иш алып бара тургандыгын билдиришти.