Сузак районунун Соку-Таш айылындагы имамдар жана жергиликтүү жашоочулар айылдагы таза суу түтүгүн алмаштырышып, эл мүдөөсүн орундатышты

 Жалал- Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Соку-Таш айылындагы “Баадат” жума мечитинин баш имамы Калбай ажы Шайыковдун   жана жергиликтүү тургундардын демилгеси менен айылдагы таза суу түтүктөрү  жаңыланды. Таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, суу чыкпай калгандыктан айылга түйшүк жаратып келген.

“Биздин аймактагы  дин  кызматкерлерибиз коомдук иштерде активдүү катышып келишет. Суу түтүгүн алмаштыруу менен айылыбыз таза суу менен камсыздалып, эл мүдөөсү орундалды”,-деди Калбай ажы Шайыков.