Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун Кара-Суу айылында салынып жаткан хатибияттын курулушунан жеринде кабар алып, акчалай жардам берди

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун Кара-Суу айылына салынып жаткан хатибияттын курулушунан жеринде кабар алды.  Хатибияттын курулушу менен таанышкан облус казысы келечекте ар бир райондо салынып, жергиликтүү тургундарды кабыл алышы керектигин баса белгиледи.

«Ар бир хатибиятта имараттар болушу керек. Элди кабыл алып, алардын мүдөөлөрүн орундатууда идараларга муктаждыгыбыз бар. Жараткан насип кылса элдин колдоосу менен ишке ашат деген үмүтүм бар. Казыятты жана райондук хатибияттарды санариптештирип, элди кабыл алууда бардык шарттар түзүлүшү керек. Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекилген пландардын ишке ашуусуна бардык аракеттерди жумшап, эң негизгиси жоопкерчиликти унутпайлы!»,-деди облус казысы.

«Алла Тааланын жардамы менен хатибияттын курулуш иштерин ушул жылдын декабрь айына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Хатибиятка бардык шарттарды түзүп, штатты кеңейтсек ишибиз алдыга жылат деп ойлойм. Учурда курулуш иши кызуу жүрүп жатат»,-деди райондун баш-имам хатиби Райымберди Өмүралиев.

Ал эми облус казысы хатибияттын курулушуна акчалай жардам көрсөтүп, куруучулардын жана хатибият кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалап, батасын берди.