Ош облусунун казысы мечиттерди каттоо боюнча алгылыктуу иш алып бара албай жаткан баш имам-хатибдерге эскертүү берди

Ош облустук мусулмандар казыятында Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты жана баш имам-хатибдердин катышуусунда жыйын болду. Жыйында КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өтө элек диний объектилерди тез арада каттоодон өткөрүү, фитир-садака жана №05 токтом боюнча отчёт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

«Акыркы бир ай ичинде каттоодон өтө элек мечиттердин кеминде 30 пайызын катташыңыздар керек. Концентрацияны ушул багытка буруңуздар. Тез арада натыйжа көрсөтпөсөңүздөр, анда чара көрүүгө туура келип калат. Бул боюнча Азирети Муфтийдин түздөн-түз буйругу бар», – деп билдирди Сайдамир ажы.   

Эске сала кетсек, жыйындын жүрүшүндө мечиттерди каттоо боюнча алгылыктуу иш алып бара албай жаткан баш имам-хатибдерге жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди.