Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушуп, мечиттерди каттоо боюнча сүйлөштү

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси Медербек Акматов менен жолугуп, районго караштуу мечиттердин документтерин тактоо жана каттоодон өтө  элек мечиттерди мыйзамдаштыруу боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Акжол ажы Бакиров каттоодон өтө элек мечиттердин көйгөйлөрүн айтып, архитектуралык жагын камсыздап берүүнү суранды.  Жолугушуу жыйынтыгында архитектура башкармалыгынын башчысы Медербек Акматов  көмөктөшөрүн билдирди.