КМДБнын Россиядагы өкүлү Москвада иштеп, окуп жүргөн аялзатына өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, үй-бүлө темасында баяндама жасады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы иштеп, окуп жүргөн мекендештерге өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аялзатынын коомдогу орду, үй-бүлө жана ата-эне, эне жана бала темаларында баяндама жасады.

Муну менен катар Сүйүмбек ажы Жусубалиев аялзатынын исламдагы ордун түшүндүрүп, терс диний агымдардан оолак болуу үчүн диний маалыматтарды КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлчүлүгүнөн алуу керектигин же Муфтияттан алууга чакырды. Ошондой эле үй-бүлө, талак жана нике маселеси боюнча насаат айтып, аялзатын билимдүү болууга үндөдү.

«Аялзаты билимдүү болсо балдарды ыйманы, тарбиясы, адеп-ахлагы бекем болот. Андыктан бош убакытты туура пайдаланып, китеп окуу менен алек болуңуздар»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.