Өлкө боюнча окулган 111 хатм Курандын дубасы жол кырсыгынан көз жумган маркумдарга багышталды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев, АКнын төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана Муфтияттын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы борбордук мечитте өлкө боюнча окулган 111 хатм Курандын дубасын Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин рухтарына багышташты. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев маркумдардын жакындарына көңүл айтып, мындай кырсыктардын мындан ары болбоосу, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги жана ынтымагын тилеп дуба кылды.