Тогуз-Торонун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Болотбеков Каргалык айылынын башчысы Эмил Дүйшеев менен жолугушуп, жаштар менен иштөөнү талкуулады

Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы   Болотбеков Каргалык айыл аймагынын башчысы Эмил Дүйшеев менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан №1 фатваны карапайым элге жеткирүү,  КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) эсептик каттоосунан өтө элек мечиттерди каттоо иштерин ыкчамдатуу маселелери боюнча пикир алышты.

Муну менен катар айыл аймагындагы жаштардын ыйман, адеп-ахлагын көтөрүү боюнча биргеликте иш алып баруу зарылдыгы талкууланды.