Сокулук районунун баш имам-хатиби үй-бүлөдөгү зомбулукка жол бербөө боюнча имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Сокулук районунун баш имам-хатиби үй-бүлөдөгү зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча имамдарга тапшырма берди

Чүй облусунун Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев жалпы имамдар менен жолугушуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана облустук казыяттын тапшырмаларын аткаруу жаатындагы маселелер каралды.

«Тез арада мечиттерди каттоодон өткөрүп, алардын тизмесин так аныктоо керек. Муну менен катар эл арасында ислам дининин баалуулуктарын коомчулукка жеткирүү, жарандардын арасында түшүнбөстүктөрдүн, пикир келишпестиктердин алдын алуу жана үй-бүлөдөгү зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул жаатта атайын жолугушууларды уюштуруңуздар»,-деди Икрам ажы Ырысбаев.