Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков имамдарга мечиттердин тазалыгы, каттоосу жана кышка даярдыгына кам көрүү тапшырмасын берди

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков аймактагы жалпы баш имам-хатибдерди кабыл алып, диний кырдаалдан кабар алды. Муну менен катар облус казысы айыл аймактарындагы ысырапкерчиликтин жөнгө салынышы, мечиттердин каттоосу, улуттар аралык ынтымактын бекемделүүсү, имамдардын билимин жогорулатуу жаатында аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

“Ар бир ишти жоопкерчилик менен аткаруу керек. Өлкө башчы тарабынан ысырапкерчиликти токтотуу боюнча жарлык чыкса, муфтият тарабынан фатва чыкты. Биз дин кызматкерлери эл чогулган жайларда дайыма түшүндүрүү иштерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзөлү. Муну менен катар улуттар арасындагы ынтымакты бекемдеп, терс диний агымдардын алдын алууда Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасынын алкагында элибизге маалымат берели. Ошондой эле баш имам-хатибдер аймактардагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатууда иш алып баралы”,-деди облус казысы.

Облус казысы имамдарга мечиттердин тазалыгы, каттоосу, кышка даярдыгына кам көрүү тапшырмасын берди.

“Ар бирибиз мечиттердеги дааратканалардын шарттарын жакшырталы. Ысык-Көлгө эс алуучулар жана меймандар абдан көп келишет. Бул жаатта ар бир имам өзүнүн карамагындагы мечиттердин тазалыгына жакшы көңүл буруп, дааратканаларды ирээтке келтирип, жаңылана тургандары болсо демөөрчүлөрдүн жардамы менен кайрадан оңдоо керек. Муну менен катар кыш мезгилине азыртан даярдык көрүп, жылуулук системаларын карап, коопсуздугун текшериңиздер”,-деди облус казысы.