Талантбек Акылбек уулу: Коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда тарбия абдан маанилүү

Жети-Өгүз райондук администрациясында  коомдогу диний абал талкууланып, миграция, билим берүү маселелери, терс диний агымдар жана жаш өспүрүмдөргө болгон зомбулуктарга каршы күрөшүү, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө чакыруу иш-чараларын активдештирүү маселеси каралды.

Жыйында өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана суицид, талап-тоноочулукка каршы иш-чаралар туурасында билдирүүлөр жасалып, Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев, айыл өкмөт башчылары, ИИБ, УКМК өкүлдөрү, райондук кеңештин депутаттары, райондук билим берүү бөлүмү жана баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулу жана айыл тургундары өз ойлору жана пландары менен бөлүштү.

«Балдарга ата-эне жакшы тарбия берсе, ал коомдо мыкты инсан болот. Коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда тарбия абдан маанилүү. Келечек муундарыбыз ыймандуу, адеп-ахлактуу тарбияланып, билим менен сугарылса ал өлкөнүн келечеги бар”,-деди Талантбек Акылбек уулу.