Кара-Кулжа райондук хатибиятынын иш кагаздары текшерилип, тез арада мүчүлүштүктөрдү оңдоо тапшырмасы берилди

Ош облусунун кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу Кара-Кулжа райондук хатибиятынын документтерин жана жүргүзүп жаткан иш кагаздарын текшерди. 

«Момун – момундун күзгүсү» деп бекер айтылбаса керек. Биздин максатыбыз текшерүү аркылуу кыйынчылык жаратуу эмес, болгону иштин жакшырышына салым кошуу. Сиздерде айрым кемчиликтер бар экен, муну чукул арада оңдоо керек. Райондордогу хатибияттардын иш кагаздарын тескөө түздөн-түз биздин компетенцияга кирет», – деп билдирди кадрлар адиси. 

Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагындагы хатибияттардын иш кагаздарын жеринде текшерүү жыйынтыкталып, ишмердүүлүгүндө мүчүлүштүктөрү бар хатибияттарга тез арада кемчиликтерди жоюу жана иш кагаздарды стандартташтыруу тапшырмалары берилген.