Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде кыска мөөнөттүү Куран курсу жыйынтыкталды

Кечээ, 23-август күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде кыска мөөнөттүү Куран курсун жыйынтыктоо аземи болуп, мыкты катышуучуларга белектер тапшырылды. Саамалыкка Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов катышып, Куран курсунун катышуучуларына акыл-насааттарын  айтышты.

«Жаш кезиңде алган илимиң ташка тамга баскандай болуусу үчүн талыкпай эмгектенип, көп аракет кылуу зарыл. Албетте, ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү бар. Анткени ар бир кыйынчылыктын артында жакшылыктар бар. Илимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу болот. Аллахым илимиңерди пайдалуу жана берекелүү кылсын»- деди шаар казысы.

Айта кетсек, кыска мөөнөттүү Куран курсуна 100гө жакын адам катышып, Куранды тажвид эрежелери менен окуганды үйрөнүштү.