Жарыя! Кара-Суу районуна караштуу Октябрь айылындагы “Жабир” кыздар медресеси жаңы окуу жылына карата 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылында жаңы ачылган “Жабир” кыздар медресеси 2022-2023-окуу жылына карата 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алат!

Окуу мөөнөтү 3 жыл болуп, бүтүрүүчүлөргө «Куранды толук жаттоо, араб тили жана шарият”  адистиги боюнча «мударрис» деген квалификациянын негизинде диплом берилет. Медреседе диний билим менен бирге “компьютердик курстар” жана тигүүчүлүк боюнча кесиптик билим берилип, атайын сертификаттар ыйгарылат.

Экзаменге катышуу үчүн талап кылынган документтер:

1) Аттестат же 9-классты бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк (түп нуска);
2) Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) Ата-энесинин арызы;

Экзаменден өткөндөр төмөнкү документтерди толуктап тапшырууга тийиш:

4) Мүнөздөмө;
5) Үй-бүлөлүк аныктама;
6) Медициналык аныктама:
форма №086 жана №063
7)  3Х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт

Медресенин окуу тартиптери, шарттары жана башка маалыматтар үчүн:

0708767847
0779736115
0995 949 412

Медресенин дареги: Ош облусу, Кара-Суу району, Мады айыл өкмөтү, Октябрь (Посылка) айылы.